Ссылки доступа

Казакстанда Орусиянын өтүнүчү менен кармалган активист абактан чыкты


Денис Козак
Денис Козак

Орусиянын өтүнүчү менен Казакстанда кармалган 19 жаштагы орусиялык оппозициячыл активист Денис Козак абактан бошотулду. Бул тууралуу Москванын Украинага каршы агрессиясын айыптаган эмигранттарга жардам берүү менен алектенген "Ковчег" уюму билдирди.

Козак Казакстанда былтыр март айында кармалган. Орус бийлиги ага "Терроризмди актоо" беренеси менен айып таккан. Буга Козактын 2018-жылы ФСБнын Архангельск облустук башкармалыгынын имаратында өзүн жардырып жиберген студент Михаил Жлобицкий тууралуу интернетке комментарий жазганы себеп болгон.

"Ковчег" уюмунан белгилешкендей, Козактын учуру "өтө оор болду", анткени "террористтик беренелер менен айып тагылгандыктан, башка өлкөлөргө кылмыш иши саясий негиздер менен козголгонун түшүндүрүү кыйла кыйынчылык жараткан".

Бирок уюм активистке гуманитардык виза жана Европа өлкөлөрүнүн бири аркылуу өтүүгө уруксат берген убактылуу документ алууга мүмкүн болгонун маалымдады.

XS
SM
MD
LG