Ссылки доступа

Өзбекстандын Борбордук банкы сумга басым болуп жатканын четке какты


Өзбекстандын Борбордук банкы
Өзбекстандын Борбордук банкы

Өзбекстандын Борбордук банкы өзбек суму орус рублинен басым көрүп жатканы тууралуу тынчсызданууларды четке какты.

Өзбекстандын Борбордук банкы 21-июлда жылдык ченди 15 пайызга чейин төмөндөттү.

Банктын жыйынында чет өлкөдөн акча котору көбөйгөнү белгиленген. Анын 95% Орусияга таандык.

Соңку айларда соцтармактарда өлкөгө ири көлөмдө рубль киргизилип, доллар чыгарылып кетип жатканы кабарланган. Борбордук банк бул маалыматты төгүндөдү. Банк алты айда рубль менен 199 миллион доллар которулганын, анын 87% сум менен түшкөнүн белгиледи.

Ички рынокто 5,6 миллиард доллар чет өлкөлүк валюта сатылган. Борбордук банк бул сан акча которуунун бейформал каналдары кыскарып жатканын, Орусияда чектөө көбөйгөндүктөн мигранттар расмий каналдар менен акча жөнөтүү оң деп эсептей башташканын белгиледи.

XS
SM
MD
LG