31-майда Тажикстандын Юстиция министрлиги Демократиялык партиянын чуулгандуу курултайын мыйзамдуу, ал эми Шахбоз Аброрду демократтардын жаңы лидери деп тааныган. 11-майда Демократиялык партиянын кезексиз 18-курултайында Сайжаффар Усмонзода партиянын төрагалыгынан алынып, анын ордуна Шахбоз Аброр шайланган. Анда Демократиялык партиянын башкармалыгынын бир катар мүчөлөрү кезексиз курултайды чакырууга жана Усмонзоданы партия лидерлигинен алууга "анын жетекчилик стилине жана партиялык ишмердүүлүгүнүн ыкмаларына нааразылык" себеп болгонун айтышкан.
Усмонзода Демократиялык партиянын мыйзамдуу төрагасы экенин, 6-июнда тарапкерлери менен партиянын Саясий кеңешинин жыйынын өткөргөнүн билдирди. Усмонзоданын айтымында, бул жыйында Ахмадшох Комилзода Демократиялык партиянын төрага орун басарлыгынан алынып, 11-майда өткөн кезексиз курултай мыйзамсыз деп табылган.
"Партиянын саясий кеңешинин чечиминин негизинде бардык документтерди, анын ичинде 11-майдагы курултайдын катышуучуларынын 90 пайызын добуш берүүгө укугу жок студенттер түзгөнүн далилдеген сүрөттөрдү биз 6-июнда Юстиция министрлигине өткөрүп бердик", - деди Усмонзода.
Сайжаффар Усмонзода Юстиция министрлигин Шахбоз Аброрду Демократиялык партиянын жетекчиси деп таануу чечимин жокко чыгарууга чакырды.
Юстиция министрлиги өз чечимине комментарий бере элек.
Партиянын Душанбедеги бөлүмүн жетектеп келген 34 жаштагы Шахбоз Аброр ачык добуш берүүнүн жыйынтыгында 64 партиялашынын колдоосуна ээ болгон. Ал шаардык межилистин депутаты, "Точикфильм" киностудиясында иштейт жана "Истиклол" гезитинин негиздөөчүсү болуп эсептелет.
2013-жылы Юстиция министрлиги бир айлык текшерүүнүн жыйынтыгында партиянын жаңы уставын каттоодон өткөрүп, Саиджафар Усмонзоданы партиянын төрагасы деп расмий тааныган. Эки жылдан кийин ал Фархор шайлоо округунан Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасына депутат болуп шайланган. Мурдагы демократтар Усмонзоданы Демократиялык партияны "чөнтөк" партияга айланткан деп айыптап келишет.