13-февралда президент Санду Москва анын мамлекетине каршы чагым даярдап жатканы туурасында украин атайын кызматтарынан маалымат алганын билдирген. Ал "бузукулук аракеттерге" жөнөкөй кийим кийген, аскердик даярдыгы бар диверсанттар Орусия, Беларус, Сербия жана Черногориядан тартыла турганын да маалымдап, коопсуздукка тыкыр көз салууга чакырган.
14-февралда Орусиянын тышкы иштер министрлиги Сандунун билдирүүсүн "негизсиз" деп, четке какты. Тышкы иштер министрлиги, тескерисинче, Киев Москва менен Кишиневдин мамилесине жик салып, Молдованы Орусияга каршы тукуруп жатканын белгилеген.
Сербия менен Черногориянын бийлиги Сандунун кооптонуусун четке кагып, тез арада бул тууралуу маалыматтар менен бөлүшүүнү талап кылды. Алар керек болсо өздөрүнүн атайын кызматтары аркылуу кошумча текшерүү жүргүзүүгө даяр экенин билдирди.