Ссылки доступа

Өзбекстанда парламенттик шайлоонун алдында журналисттерге кысым күчөдү


Өзбекстанда шайлоо алдында маалымат каражаттарына басым күчөдү. 27-августта Qalampir.uz сайтында Өзбекстандын Париждеги Олимпиада оюндарына катышуусуна арналган макала жарыяланып, ал көп өтпөй өчүрүлгөн.

Макалада олимпиадалык программанын алкагында мамлекеттик каражаттардын сарпталышы, анын ичинде коррупция жана тууганчылыктын чоо-жайы камтылган. Тактап айтканда, Париж Олимпиадасын уюштуруу комитетинин мүчөлөрү бюджеттин эсебинен өтө кымбат мейманканаларда жашаганы көрсөтүлгөн. Жарыялангандан бир нече саат өткөндөн кийин материал сайттан да, басылманын YouTube каналынан да өчүрүлгөн.

Qalampir.uz сайтынын кызматкеринин айтымында, материал Өзбекстандын президентинин администрациясынын каршылыгынан кийин бардык платформалардан өчүрүлгөн.

Бул арада өлкөнүн Эгемендик күнү жана парламенттик шайлоонун алдында терс мүнөздөгү материалдардан оолак болуу сунушталганы маалымдалды.

Маселен, Gazeta.uz Париж Олимпиадасындагы ар бир медаль өзбек салык төлөөчүлөрүнө 4,1 миллион доллар чыгым келтирди деген мүнөздөгү макаласын алып салды.

Anhor.uz сайты Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2023-жылдагы чыгымдары жана май айындагы референдумдан кийинки иши тууралуу макаланы өчүрдү. Саясат таануучу Фарход Талипов, социолог Дилсора Фазылова жана журналист Сардор Салим катышкан берүү да алып салынды.

Журналист Ильяс Сафаров буга чейин редакциялар кысым болгон учурда бири-бирин колдоп келгенин, бүгүн андай тилектештик жоголуп кеткенин Телеграм каналында билдирди.

Human Rights Watch уюму буга чейин Өзбекстанда активисттер менен бийликти сындагандарды куугунтуктоо учурларынын көбөйүп баратканына көңүл бурган.

2023-жылдын март айында 40 журналист жана блогер президент Мирзиёевге кат жолдоп, цензурага байланыштуу тынчсыздануусун билдирген.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун маалыматына караганда, Өзбекстан басма сөз эркиндиги боюнча рейтингде 137-орундан 148-орунга төмөндөгөн.

XS
SM
MD
LG