Ссылки доступа

Украинада Алишер Усмановго таандык экени айтылган жүк камакка алынды


Украинада Орусиянын президенти Путинге жакын олигарх Алишер Усмановго тиешелүү экени айтылган, баасы 2 миллиард гривен (50 миллион долларга жакын) жүк камакка алынды. Бул тууралуу Украинанын Коопсуздук кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, деңиз портторунун аймагында Украинанын экспортко чыгара турган 160 тонна рудасы сакталган кампа табылган. Аны металлургиялык жана аскердик-өнөр жай комплексинин муктаждыктарына колдонуу үчүн мыйзамсыз түрдө Орусияга экспорттоо пландалган.

Жүк Кремлдеги аскердик жана саясий жетекчиликке жакын теги өзбекстандык Усмановдун компаниясына таандык экени айтылат.

Расмий кабарда белгиленгендей, жүктү Коррупция жана башка кылмыштар менен табылган мүлктөрдү аныктоо, издөө жана башкаруу боюнча улуттук агенттикке өткөрүп берүү маселеси чечилүүдө.

Усманов же Москва буга комментарий берген жок.

XS
SM
MD
LG