Эртең менен чиркөөнүн жанына түрдүү көлөмдөгү (жеңил автоунаадан тарта атайын автобустарга чейин) 40тан кем эмес полиция автоунаалары топтолуп, жолдун жээктерине темир томсолор орнотулуп, ОМОН кызматкерлери турду. Көрүстөнгө жакын жердеги паркта атчан полиция кызматкерлери нөөмөттө жүрүштү. Бул тууралуу "Сота" сайты кабарлады.
"Медиазона" басылмасы темир тосмолор "Марьино" метросунан Борисов көрүстөнүнө чейин да орнотулганын жазды. Полиция кызматкерлери көчөдө өтүп жаткан адамдардын документтерин жана жеке буюмдарын текшерүүдө.
Маалыматтарга караганда, чиркөөнүн айланасында интернет жакшы иштебей жатат. Буга чейин The Insider басылмасы жакын жерге атайын кызматтын өкүлдөрү үчүн антенна орнотулуп жатканын кабарлаган.
SotaVision сайты Воронеждин чыга беришинде төрт киши, анын ичинде жергиликтүү штабдын координатору Борис Надеждин кармалганын жазды. Алар Навальный менен коштошуу үчүн Москвага баратышкан.
Москва убактысы боюнча саат 11ге карата "Утоли моя печали" чиркөөсүнүн жанында узун кезек жаралды. Аймакта көп полиция кызматкерлери жүрөт.
Навальныйдын командасы тажыяны интернетте түз эфирде көрсөтүүнү пландап жатат. Ал жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:00дө башталат.
Навальныйды акыркы сапарга узатуу иш-чарасына байланыштуу аймактагы күзөт кечээ эле күчөтүлө баштаган. "Можем объяснить" телеграм-каналы көрүстөндүн кире беришинде полиция кызматкерлери нөөмөттө турганын, "террористтик операциялардын алдын алуу үчүн" көрүстөнгө келгендердин документтерин, жеке буюмдарын текшерип жатышканын жазган.
Навальныйдын каза тапканы 16-февралда белгилүү болгон. Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы ал сейилдеп келгенден кийин өзүн начар сезип, дароо эсин жоготконун маалымдаган. Сөөгү энеси Людмила Навальнаяга 24-февралда гана берилген. Ал тергөөчүлөр Навальныйдын тажыясын жашыруун өткөрүүнү, болбосо абактын аймагына жерге берип салышарын айтып ультиматум коюшканын билдирген.
Навальныйдын командасы аны акыркы сапарга узатуу зыйнатын өткөрүүгө жай таппай жатканын Кира Ярмыш 27-февралда кабарлап: "Биз жеке жана мамлекеттик ритуалдык агенттиктердин, коммерциялык аянтчалардын жана аза күтүү залдарынын көбүнө телефон чалып чыктык. Кээ бирлери бош эмеспиз деп жатышат. Кээ бирлери Навальныйдын атын укканда эле баш тартууда. Бир жерде ритуалдык агенттиктерге түздөн-түз тыюу салынганын айтышты", - деп "X" социалдык түйүнүнө (мурдагы Twitter) жазган.
47 жаштагы Навальный камакта 2021-жылдын январь айынан бери отурган. Былтыр августта ал "экстремисттик ишмердүүлүк менен алектенген уюмду негиздөө жана каржылоо" деген кине менен 19 жылга эркинен ажыратылган. Орусиянын жогорку бийлигиндеги жемкорлук тууралуу ачык айтып келген Навальный өзүнө тагылган айыптарды четке каккан. Ал 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып барганда кармалган. Бир катар укук коргоо уюмдары Навальныйды саясий туткун деп таанышкан.