Ссылки доступа

Өзбекстанга Орусиядан 14 бала кайтарылды


1-сентябрда түрдүү себептен улам ата-энесинин камкордугусуз калган 14 бала Орусиядан Өзбекстанга кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук социалдык коргоо агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алар Санкт-Петербургдан Ташкентке жеткирилди.

Өзбекстандын Балдар акыйкатчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, буга чейин кароосуз калган 22 бала мекенине кайтарылган – алардын 13ү Санкт-Петербургдан, 9у Москвадан, 8и Новосибирсктен жана 1 бала Казандан мекенине алынып келинген.

Бул арада Казакстанда ата-энесинин камкордугусуз калган дагы үч жашы жете элек бала Өзбекстанга кайтарылды.

Бул балдарды мекенине кайтарган өзбек бийлиги алар эмне үчүн ата-энесинен кароосуз калганын так айта элек.

XS
SM
MD
LG