Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар комитетинин маалыматына караганда, учурда мындай аймактарда жалпысынан 72 миң үй-бүлө же 400 миң киши жашап жатат. Алардын баары коопсуз жайларга көчүрүүгө муктаж.
"Экологиялык мигранттарды уюшкандыкта башка жерлерге көчүрүү боюнча 2024-2026-жылдарга орто мөөнөттүү план бекитилди. Ага ылайык, жакынкы үч жылдын ичинде 525 үй-бүлө коопсузураак аймактарга көчүрүлөт", – деди комитеттин Жамшед Камолов аттуу кызматкери.
Анын айтымында, учурда аларга турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүдө тобокелдик фактолору да эске алынууда.
"90-жылдары Тажикстанда жер тилкелери туш келди берилген учурлар болгон. Айрымдар бийликтин уруксаты жок эле кооптуу аймактарга турак жайларды куруп алышкан", – деди Камолов.
2023-жылы мартта Тажикстандын Башкы прокуратурасы шаар, район башчыларынын, ошондой эле жооптуу кызматтагы адамдардын жер маселесине байланышкан 1,5 миңден ашык чечимин мыйзамсыз деп таап, 252 кишиге каршы кылмыш ишин козгогон.
Өзгөчө кырдаалдар комитетинен билдиришкендей, көчүрүлүшү керек болгон жарандарга кыйла коопсуз аймактардан жер тилкелери бөлүнүп, жеңилдетилген насыялар берилет. Бирок айрым жашоочулар жаңы турак жай курууга мүмкүнчүлүктөрү жок экенин айтып, көнүп калган жерден кетүүнү каалабай тургандыктарын билдирүүдө.
Расмий маалыматтарга ылайык, Тажикстанда 2023-жылы эле 550дөн ашык жаратылыш кырсыгы катталып, 51 киши каза болгон.
Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, 1992-жылдан 2016-жылга чейин табият кырсыктарынан улам Тажикстан 1,8 миллиард доллар өлчөмүндө экономикалык жоготууга дуушар болгон.