Ссылки доступа

Сербияга жумушка жөнөтүлгөн өзбек мигранттары укуктары бузулганына даттанууда (видео)


Сербияга талаа иштерине кеткен өзбек мигранттарынын бир бөлүгүн жумуш берүүчү кайра Өзбекстанга жөнөттү.

Өзбекстандыктар жумуш берүүчү аларды себепсиз эле иштен кетиргенине даттанууда. Мигранттардын айтымында, бул өлкөгө барган 500 өзбек жаранынын жарымы мекенине акчасыз кайтты.

"Май айында агенттик сынак өткөрүп, 7-июнда Сербияга келгенбиз. Бизге эч кандай шарттарын түшүндүргөн эмес, болгону "Качып кетсең айып пул төлөйсүң!" деп гана эскертишкен. Келишим биздин кызыкчылыкты эске албастан түзүлүп калган. Анда жумуш берүүчү бизди каалаган учурда жумуштан кетирип жиберүүгө укуктуу экени жазылган. Агенттиктин өкүлүн бир гана жолу көрдүк. Сербдер менен немистер бизди кемсинтишет. Алгач жумуш жок отуруп, андан кийин күнүнө 12 сааттан иштей баштадык. Ар 3-4 саат сайын эс алууга 10 мүнөттөн убакыт беришет. Бул жактагы адамдар кыйналып кетишти", – деди Сербияда иштеп жаткан 23 жаштагы өзбекстандык Шерзодбек Норматов.

Өзбек жарандары алар мыйзамсыз департацияланып жатканына даттанып, жумуш берүүчүлөр кемсинткенден тышкары аларга "ар бир кыймыл аракети үчүн" айып пул салып жатканын айтышты. Мигранттар жөнөткөн видеодон немис тилинде сүйлөгөн жумуш берүүчүлөрдүн бири жумушчуларга кыйкырып жатканын көрүүгө болот.

"Биздин жалгыз талап – каржылык колдоо көрсөтүү, жок дегенде биздин чыгымдарды төлөп берүү", – деп кошумчалады Норматов.

Өзбек жарандарын Сербияга жумушка жөнөткөн Ишке орноштуруу жана эмгек мамилелери министрлигинин Тышкы миграция боюнча агенттиги учурда бул окуя иликтенип жатканын билдирди.

Өзбекстандын Эмгек министрлигинин басма сөз катчысы Ортикхожа Норов Сербиядагы өзбек мигранттарына байланышкан кырдаал мекеменин көзөмөлүндө экенин айтты.

"Жумушчулар тамак-ашка да даттанышкан. Азыр Сербияга жөнөтүлгөн 500 өзбекстандыктын 300дөн ашыгы ишин улантып жатат", – деди Норов.

Ал жумуш берүүчүлөр Өзбекстандан келишим менен барган жумушчулар качып кетип жатканы боюнча көп даттанышарын кошумчалады.

Видео

Видео

"Арстанбап желим баштык, бөтөлкөгө толуп калыптыр"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:11 0:00
XS
SM
MD
LG