Ссылки доступа

Сербия куралдуу күчтөрүн күжүрмөн даярдыкка келтирди


Сербия жарым-жартылай таанылган Косово Республикасы менен чек арасындагы куралдуу күчтөрүн күжүрмөн даярдыкка келтирди. Бул тууралуу Сербиянын коргоо министри Милош Вучевич билдирди.

"Мындай чаралар өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн, эгемендигин жана бардык жарандарын коргоо, ошондой эле сербдерге каршы террордун алдын алуу боюнча Сербиянын куралдуу күчтөрү көрүп жаткан иш-аракеттерди эң жогорку деңгээлге көтөрөт", – деди министр.

Анын айтымында, өлкө президенти Александр Вучичтин буйругу менен Ички иштер министрлигинин айрым бөлүктөрү да күжүрмөн даярдыкка келтирилип, армиянын штаб башчысына өткөрүлүп берилди.

26-декабрда Косовонун бийлиги өз куралдуу күчтөрүн толук күжүрмөн даярдыкка келтирген. Анда бул чечим Косовонун түндүгүндөгү жана Метохия аймагындагы сербдердин баррикадаларын алууга багытталганы айтылган.

Сербия менен Косовонун ортосундагы жаңжал быйыл июль айында курчуду. Буга Косово бийлиги өлкөгө келип жаткан Сербиянын жарандары үчүн убактылуу документтерди киргизип, серб азчылыгынан автоунаалардын эски сербиялык номурларын жергиликтүү жаңы номурларга алмаштырууну талап кыла баштаганы себеп болгон. Косовонун түндүгүндөгү сербдер жашаган райондордо башаламандыктар чыгып, косово бийлигинин бул чечимдери күчүнө кире турган мөөнөт бир нече жолу кийинкиге жылдырылган. Ноябрдын аягында Европа Биримдигинин (ЕБ) ортомчулугу менен тараптар автоунаа номурларына байланышкан талашты жөнгө салышкан, бирок аймакта чыр-чатактар биротоло токтогон эмес.

26-декабрга караган түнү Сербия менен Косовонун чек арасындагы Зубин-Поток шаарына жакын, НАТОнун көзөтүү күчтөрү жайгашкан аймактан алыс эмес жерде ок атылып, эч ким жаркат алган эмес. Бул аймакта жергиликтүү сербдер эки жумадан ашык убакыттан бери жолдорду бууп турушкан.

Сербиянын Башкы штабынын жетекчиси Милан Мойсилович чек арага жакын Рашка шаарына барган. Ал абалды оор деп мүнөздөп, Косово менен чек арада серб аскерлеринин болушу керектигин айткан.

Мурдагы Югославиянын аймагындагы Косово согушу 1998-жылы башталган. Ал кезде Сербиянын курамында провинция болгон Косоводогу албандардын эгемен өлкө болуу аракети күч менен басылган. Катуу ырбаган согушка 1999-жылы НАТО аралашкан. Белград ушундан кийин гана Косоводогу согуштук аракеттерин токтоткон. Сербия мурдагы Косово провинциясына көзөмөлдү 1999-жылы биротоло жоготкон. Косово 2008-жылы көз карандысыздыгын жарыялап, аны ушул күнгө чейин дүйнөнүн 110 мамлекети тааныды. Ал эми Сербия анын эгемендигин тааныбай, Конституцияга ылайык өзүнүн бир бөлүгү деп эсептейт. Косовонун эгемендигин тааныбаган мамлекеттердин арасында Орусия, Кытай жана Евробиримдиктин айрым өлкөлөрү бар.

XS
SM
MD
LG