Бул Инчхон жана Кимпхо аэропортторундагы учуу тилкелеринин 413 мүнөткө жабылышына алып келген.
Түштүк Кореянын куралдуу күчтөрү шарларды көзөмөлгө алып, кырдаал курчуп кетсе, “катуу чара көрүүгө” даяр экенин билдирди.
Түштүк Кореяга пропаганда баракчалары салынган шарларды Түштүк Кореяга учура баштагандан кийин Пхеньян “таштанды шарлары” менен жооп кайтара баштаган. Бул шарлардын бири Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёлдун резиденциясынын жанына келип түшкөн, ал жерге ыкчам реакция жасоо кызматы чакырылган.
Июль айында Түштүк Корея чектеш аймактарында үндү катуу чыгарган берүүлөрүн жанданткан. Анын ичинде түштүккө качууга чакырыктар, жаңылыктар жана Түндүк Кореяда тыюу салынган кей-поп ырлар жаңыра баштаган. Пхеньян буга чейин алардын үнүн басуу үчүн артиллерия колдонорун айтып коркуткан.