Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитетинин 6-майда тараткан билдирүүсүнө караганда, 5-майга караган түнү Варзоб аймагында жүргөн катуу селден 40 жана 67 жаштагы эки аял каза болду.
5-майда Согд облусунун Истаравшан шаарына караштуу Бодомзор айылынын 20 жаштагы тургуну мал жайып жүргөн маалда селдин агымында калып каза болду. Кыздын сөөгүн ӨКМдин кызматкерлери тиешелүү органдарга өткөрүп беришти.
Акыркы эки күндө Согд, Хатлон, Тоолуу Бадахшан автономиялуу облустарын жана Душанбеге чектеш аймактарды сел катталды.