Ссылки доступа

Шойгу Путинге Луганскты толук "бошотушканын" билдирди


Владимир Путин менен Сергей Шойгу
Владимир Путин менен Сергей Шойгу

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 3-июлда президент Владимир Путинге Украинанын чыгышындагы Луганск облусун толук "бошотушканын" билдирди. Ал орус аскерлери соңку жумаларда салгылаш жүрүп жаткан Лисичанск шаарын өз карамагына алганын кошумчалады.

Луганск облусунун губернатору Сергей Гайдай орус күчтөрү шаардагы "өз позицияларын бекемдеп жатышканын" жазды. Украинанын президентинин кеңешчиси Алексей Арестович 2-июлдун кечинде орус аскерлери шаарда "кооптуу кырдаал" жаратып жатышканын билдирген.

Апрель айында орус армиясы украин баш калаасы Киев жана анын тегерек четинен чегинип, болгон күчүн өлкө чыгышына бурган. Дээрлик бир айга созулган айыгышкан салгылашуудан кийин орус армиясы июнь айынын соңунда Северодонецк шаарын басып алган. Согушка чейин 100 миңдей адам жашаган шаар дээрлик толугу менен урандыга айланды.

Ал арада Орусиянын Украина менен чектешкен аймакта жайгашкан Белгород шаарынын бийлиги түнкү чабуулдардан үч киши мерт кетип, ондогон имараттар талкаланганын 3-июлда билдирди.

Телеграмдагы каналына жазган билдирүүсүндө облус губернатору Вячеслав Гудков окуяны "украин тараптын агрессиясы" катары мүнөздөдү.
Орусия Украинага кол салганы Белгороддо бир нече ирет аткылоо болгону кабарланган. Киев алар үчүн жоопкерчиликти өз моюнуна алган эмес.

XS
SM
MD
LG