Тергөөнүн версиясына ылайык, ал банк картасынан кол салууга катышкан делгендердин бирине акча которгон жана которуу теракттан кийин да уланган.
Юсуфзода 25-мартта документ текшерүү учурунда кармалып, полицияга баш ийбегени үчүн 12 суткага административдик камакка алынган. Бул тууралуу “РИА Новости” кабарлаган. Эми ага террордук акт боюнча айып тагылды.
Юсуфзода – "Крокус Сити Холлго" кол салууга катышкан делген онунчу шектүү. Буга чейин Тажикстандын төрт жараны кармалган. Тергөө аларды теракт жасаган деп эсептесе, алардын беш шеригин кол салууну уюштурууга көмөктөшкөн – батир ижарага берген, акча которушкан деп эсептейт.
22-мартта Москванын чет жакасындагы “Крокус Сити Холл” борборунда концертке барган көрүүчүлөргө кол салуу болгон. Андан кийин борбордон өрт чыккан. Кол салуудан 143 киши каза таап, 190дой киши жаракат алды. "База" дагы 95 киши дайынсыз болуп жатканын жазды.