Быйыл апрелдин башында Broadband Genie аттуу британ уюму 179 өлкөдөгү мобилдик интернеттин жеткиликтүүлүгүнө жана баасына анализ жүргүзүп, калктын орточо айлыгы менен интернет пакеттин бааларын салыштырып чыккан. Уюмдун жыйынтыктоочу баяндамасында Тажикстандын калкы кирешесинин 8% (мурдагы советтик өлкөлөрдүн ичинен эң жогорку пайыз) интернет байланышына коротору көрсөтүлүп, жалпы рейтингде 163-орунга жайгашкан. "Мобилдик интернеттин жеткиликтүүлүк индекси" деп аталган баяндамада Тажикстанда абоненттер 10 гигабайт интернет үчүн орточо 13,77 доллар төлөй турганы белгиленген.
Тажикстандын Байланыш кызматынын бөлүм башчысы Рафикжон Шокиров 24-июлдагы басма сөз жыйынында өлкөдө мобилдик байланыш менен интернет арзан экенин жана жарандарда бул кызматтарды пайдаланууга мүмкүндүктөрү бар экенин билдирди.
"Тажикстандын калкы 10 миллион 700 миңди түзөт. Алар калктын канча пайызы интернет колдонорун жана канчасына мобилдик байланыш жеткиликтүү экенин айтып жатышат. Ошол эле маалда калктын 1 миллион 700 миңи беш жашка чыга элек балдар экенин эске албай жатышат", – деди Шокиров.
Анын айтымында, Тажикстан аймагынын 96,3% мобилдик байланыш менен камсыздалган, калктын 86% мобилдик операторлордун кызматтарын пайдаланат жана интернет колдонуучулардын саны 4,8 миллион кишини түзөт. Ошол эле маалда 2023-жылы Байланыш кызматы өлкө аймагынын 95% мобилдик байланыштын эскирип калган 2G стандарты менен камтылганын билдирген.
Тажикстанда 10 жылдан ашык убакыттан бери "Тажиктелеком" мамлекеттик компаниясы монополист болуп, өлкөдөгү бардык провайдерлер менен мобилдик компанияларга интернет трафикти жалгыз өзү таркатат. Башка компанияларга чет өлкөлөрдөн өз алдынча интернет алып келүүгө тыюу салынган.
Быйыл март айында "Мегафон" жана "Тселл" операторлоруна сырттан жарым-жартылай интернет-трафик алууга уруксат берилген. Бирок азырынча алар бул мүмкүнчүлүк менен пайдалана элек.