Ссылки доступа

Нигер Иранга уран жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы айтылды


Нигер-иран сүйлөшүүлөрү
Нигер-иран сүйлөшүүлөрү

Ирандын бийлиги Африкадагы Нигер мамлекетин башкарган аскердик хунта менен 300 тонна уран концентратын алуу боюнча жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Апрель айынын аягында Africa Intelligence басылмасында чыккан бул кабарды Le Monde француз гезитинин булактары тастыктады. Алардын ырасташынча, 56 миллион еврого жакын уран рудасын жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр Франция менен АКШнын чалгын кызматтарына белгилүү болгон.

Нигер уран рудасын казуу боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн бири. Былтыр июль айында өлкөдө аскердик төңкөрүш болгон. Бийликке келген аскерлер Франция менен бир катар келишимдерди бузуп, Батыш Африканын башка өлкөлөрү менен кызматташарын жарыялашкан.

Нигерде уран француздардын Orano деп аталган тобу иштеткен шахталардан казылып алынат. Акциялардын үчтөн биринен көбү Нигер бийлигине таандык, алар өндүрүлгөн үлүшүн өз алдынча сатууга укуктуу. Француз компаниясы Le Monde басылмасына Нигердин аскерий бийлиги менен Тегерандын сүйлөшүүлөрүнөн кабарсыз экенин билдирди. Orano өзү "Иранга уран сатууга тыюу салган эл аралык санкцияларды так аткарарын" белгиледи.

Маалыматтарга караганда, Нигер менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөр февраль айында болгон, бирок келишимге кол коюла элек. Иран бийлиги бул билдирүүлөргө комментарий берген жок.

The Wall Street Journal басылмасы америкалык расмий өкүлдөр Нигерде сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Ирандын бул өлкөдөгү урандын эбегейсиз запасын алуу ыктымалдыгына тынчсыздануусун билдиргенин жазган. Америка Кошмо Штаттары Иран уранды өзөктүк курал өндүрүү үчүн колдонот деп кооптонууда. Тегеран өзөктүк бомба жасап жатканын четке кагууда.

XS
SM
MD
LG