Ссылки доступа

Москвада "ковиддик мунапыс" жарыяланды


Иллюстрациялык сүрөт

Москванын мэри Сергей Собянин "ковиддик мунапыс" жарыялады.

Мэр өз блогунда жазгандай, шаар бийлиги ковиддик чектөөлөрдү бузуу үчүн жазылган төлөнө элек айып пулдарды талап кылууну токтотот. Мындан тышкары буга чейин төлөнгөн айып пулдарды компенсациялоо үчүн субсидия төлөп берет.

"Административдик жазалар москвалыктардын өмүрүн жана ден соолугун коргоодо олуттуу салым кошуп, ковид илдети менен күрөшүүгө жардам берди. Бирок бугүн бул коркунуч жок. Бүгүн башка көйгөйлөр жана чакырыктар бар. Биз жарандардын кирешеси төмөндөп кеткенин көрүп жатабыз. Ошондуктан мен ковиддик мунапыс жарыяладым", – деп айтылат мэрдин билдирүүсүндө.

Собяниндин айтымында, бул чечим санкциялык кысымдын кесепеттерин жумшартуу максатында кабыл алынды.

Мунапыс 1-июнда күчүнө кирет. Ага ылайык, коронавирустук чектөөлөрдү бузуудагы бардык беренелер боюнча төлөнгөн айып пулдар кайра кайтарылат. Буга ооруп жатканда обочолонуу режимин бузуу гана кирбейт. Субсидия алуу үчүн физикалык жана юридикалык жактар айып пул төлөнгөнүн тастыктаган документтери менен "Мои документы" кызмат көрсөтүү борборуна кайрылышы керек.

Москвада беткап режими менен кошо башка коронавирустук чектөөлөр марттын биринчи жарымында жокко чыгарылган.

Москвада өткөн суткада коронавирус жуктурган 172 учур катталып, 15 бейтап көз жумду. Пандемия башталгандан бери шаарда 2,5 миллион киши COVID-19 вирусун жуктуруп алганы аныкталган.

Видео

Видео

Америкага барам деп алдангандар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:44 0:00
XS
SM
MD
LG