Бул тууралуу Евробиримдиктин Кызматташуу комитети менен Тажикстандын 16-июлда Душанбеде өткөн ар жылкы жыйынында айтылганын ЕБдин Тажикстандагы өкүлчүлүгү билдирди.
"Демократиялык коомдун өнүгүүсү үчүн көз карандысыз, активдүү жарандык коом жана эркин ЖМКлар зарыл", – деп жазылган өкүлчүлүктүн билдирүүсүндө.
Азырынча Тажикстандын бийлиги ЕБдин бул чакырыгына эч кандай реакция жасай элек.
Евробиримдиктин билдирүүсүндө 2022-жылы май айында Тоолуу Бадахшан автоном облусунда болгон окуялар жөнүндө айтылган. Анда бийлик нааразылык билдирип чыккан элди күч менен таркатуу үчүн "атайын операция" баштап, анын жыйынтыгында 34 киши өлгөн. Мындан тышкары дагы ондогон киши, анын ичинде жарандык активисттер камакка алынган. Кийин алардын көбү узак мөөнөттөргө соттолгон.
Бийлик каза болгон жана кармалган адамдарды "уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү" деп атаган. Бирок жакындары алардын көбү жөнөкөй жарандар экенин жана курал-жарактары жок болгонун билдирип келишет. Батыш өлкөлөрү менен укук коргоо уюмдары Тажикстандын бийлиги митинг катышуучуларын күч менен таркатууда адам укуктарын бузган деп эсептешет.
Тажикстанда 2022-2023-жылдардын аралыгында сегиз көз карандысыз журналист жана блогер кармалып, узак мөөнөттөргө (7 жылдан 21 жылга чейин) соттолгон. Ошондой эле бул жылдары бир нече укук коргоочу жана жарандык активист эркиндигинен ажыратылган. Бийлик аларды өлкөдө тыюу салынган уюмдар менен кызматташкан деп айыптаган. Бирок соттолуучулар алардын күнөөнү мойнуна алган көрсөтмөлөрдү укук коргоо органдары кыйноо жолу менен алышканын билдиришкен.