Ссылки доступа

Санкт-Петербургда жүздөгөн тажик мигранттары кайрадан патент ала албай калды (видео)


Сотни мигрантов из Таджикистана вновь не смогли получить патенты в Санкт-Петербурге
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:05 0:00

Тажикстандан келген жүздөн ашуун мигрант 7-майда Санкт-Петербургда эмгек патентин ала албай, 21-майда кайрадан келүүгө милдеттендирилди.

Учурдагы кырдаал боюнча расмий комментарий жок.

Мигранттардын айрымдары Санкт-Петербургдун Бирдиктүү миграциялык борборуна үчүнчү жолу патент алуу же мөөнөтүн узартуу үчүн келишкен, бирок натыйжа болгон эмес.

Патент албай калган мигранттар документинин мөөнөтү ушул жылдын март, апрель айларында бүтүп, бирок уруксатты узартуу аракетинен майнап чыкпай жатканын айтышты. Алар патенттин жоктугунан Орусиядан депортацияланышыбыз мүмкүн деп чочулашууда.

Москванын жанындагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында болгон терактка Тажикстандын бир нече жараны айыпталгандан кийин Орусиянын мамлекеттик органдары Тажикстандан келген мигранттарга кысымды күчөттү. Соңку апталарда Тажикстандын жүздөгөн жарандары Орусияга киргизилбей, дагы жүздөгөн жарандар өлкөдөн депортацияланган.

29-апрелде Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги "Орусиянын аймагында тажик жарандарына жасалган орой мамиле жана алардын укуктарынын одоно бузулушуна байланыштуу" Дүйшөмбүдөгү орус элчиси Семен Григорьевге нааразылык нотасын тапшырган.

Human Rights Watch уюму Орусиядагы ксенофобия жана тажик мигранттарынын укуктарынын бузулушуна тынчсыздануусун билдирип келет. Эл аралык уюм 5-апрелдеги билдирүүсүндө кол салуудан кийинки бир жумада орус сотторунда иммиграция боюнча мыйзам бузууларга байланыштуу иштердин саны "70 пайызга көбөйгөнүн" билдирди.

XS
SM
MD
LG