Ссылки доступа

БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШнын Газада тынчтык орнотуу планын колдоду


10-июнда БУУнун Коопсуздук кеңеши Газа тилкесиндеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча АКШнын планын колдоо үчүн добуш берди. Анда ок атышууну токтотуу, барымтадагыларды акырындык менен бошотуу жана Израилдин аскерлерин тилкеден чыгарып кетүү камтылган.

Жаатташкан тараптарды тынчтык планын "дароо" жана "кошумча шарттарсыз" кабыл алууга чакырган резолюцияны Кеңештин 15 мүчөсүнүн 14ү колдоду. Орусия добуш берген жок.

Планды май айынын аягында АКШнын президенти Жо Байден сунуштаган. Анын биринчи баскычы туткундарды алмашууну жана ок атышууну убактылуу токтотууну камтыйт.

Экинчиси барымтадагылардын баарын бошотуу, согуштук аракеттерди толук токтотуу жана Израил аскерлерин Газадан чыгарып кетүүгө багытталган.

Акыркы этапта Израил армиясынын операциясы учурунда чоң кыйроого учураган секторду калыбына келтирүү боюнча эл аралык план даярдоо, ХАМАС тобу барымтага алган кишилердин сөөгүн Израилге тапшыруу каралган.

Израил сунуш кылынган шарттарга макулдугун билдирген. АКШнын БУУдагы элчиси Линда Томас-Гринфилд дүйшөмбү күнү белгилегендей, ХАМАС бул планга макул болсо, сектордогу салгылашуу бүгүн токтошу мүмкүн.

Кыймыл резолюциянын кабыл алынышын кубаттай турганын билдирип, бирок аны тез арада ишке ашырууга даярдыгын же даяр эместигин айткан жок.

Газадагы ХАМАС менен Израил армиясынын согушунун кесепетинен сегиз айдан ашуун убакыттан бери бул сектордо жашаган палестиндердин 36 миңден көбү каза болгонун анклавдын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө. Бул сан күмөн жаратпай турганын БУУ да маалымдаган.

XS
SM
MD
LG