Ссылки доступа

ЖККУ азери-армян чек арасына өз миссиясын жөнөтөт


Армян-азери чек арасындагы район. Февраль 2022-жыл
Армян-азери чек арасындагы район. Февраль 2022-жыл

Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) Арменияга азери-армян чек арасындагы абалга баа берүү үчүн өз миссиясын жөнөтөт. Бул тууралуу 13-сентябрда болгон видеоконференция форматындагы жыйындан кийин уюмдун катчылыгы кабарлады.

Миссияны ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась жетектейт. Анын курамына уюмга мүчө өлкөлөрдүн – Орусия, Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын өкүлдөрү кирери айтылды.

14-сентябрь күнү эртең менен Армениянын Коргоо министрлиги азери аскерлери Жермук шаарын жана Верин Шоржи айылын көздөй жаңы чабуул жасаганын кабарлады. Министрликтин басма сөз катчысы Арам Торосян Азербайжан артиллерия жана минометторду колдонуп жатканын белгиледи.

Азербайжандын Коргоо министрлиги азери-армян чек арасында 13-сентябрга караган түнү болгон куралдуу кагылышууда 50 аскери набыт болгонун билдирди. Анын ичинен 42си Азербайжандын армиясынын аскери, сегизи Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкери. Бул тууралуу "Азаттыктын" азери кызматы жазды.

Бир катар эл аралык уюмдар менен Европа өлкөлөрү Азербайжан менен Арменияны ок атууну токтотуп, маселени тынчтык жол менен чечүүгө чакырууда.

Эки өлкө 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Анда Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону айтылган. Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Көп өтпөй Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Орусиянын президенти Владимир Путин аталган чөлкөмдө ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге кол коюшкан.

Ага ылайык, Армения менен Азербайжан макулдашууга кол коюлганга чейин өз аскерлери ээлеп турган аймактарды башкарып турмак болгон. Кесилишкен тилкени Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрү кайтарып жатат.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлүп, 100 миңден ашуун киши качкын болгон же жер которгон.

XS
SM
MD
LG