Ссылки доступа

Украин ИИМ башчысынын кеңешчиси: "Крым көпүрөсү сөзсүз бузулат" 


Украинанын ички иштер министринин кеңешчиси Виктор Андрусив "Крым көпүрөсү сөзсүз түрдө бузула турганын" билдирди.

Анын айтымында, бул үчүн украин армиясында бардык керектүү курал-жарак бар, бирок аскерлерге "Азов деңизинин жээктерине кыйла жакыныраак баруу керек болот".

"Вот так" басылмасынын маалыматына караганда, бир нече күн мурда интернетте Крым көпүрөсү бузуларына канча убакыт калганын эсептеп турган атайын сайт пайда болгон. Анда көпүрө 9-майда жарылышы керектиги көрсөтүлгөн.

Буга чейин Латвиянын куралдуу күчтөрүнүн өкүлү Янис Слайдиньш да украин аскерлери Крым көпүрөсүнө 9-майда сокку урушу мүмкүн экенин айткан. "Бул өтө маанилүү стратегиялык объект. Аны жок кылуу Орусия үчүн абдан чоң сокку болот. Анткени Украинанын түштүгүнө жеткирилип жаткан курал-жарактын баары ошол көпүрө аркылуу өтүүдө", - деген Слайдиньш.

Аннексияланган Крым жарым аралын Орусия менен байланыштырган көпүрө 2019-жылы пайдаланууга берилген. Анын узундугу дээрлик 19 чакырымды түзүп, курулуш иштерине 250 миллиард рубль жумшалганы кабарланган.

Орусия Украинага каршы куралдуу агрессиясын баштагандан кийин Азов деңизинин жээктерин толугу менен өз көзөмөлүнө алган. Бул орус армиясына Крым жарым аралына бара турган кургактыктагы жана деңиздеги жолдордун баарын көзөмөлдөп турууга мүмкүнчүлүк берет.

Видео

Видео

Кыргызча түш жоруган таластык немистер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:26:10 0:00
XS
SM
MD
LG