Ссылки доступа

БУУнун адам укуктары боюнча атайын баяндамачысына Ооганстанга кирүүгө тыюу салынды


Ричард Беннетт
Ричард Беннетт

“Талибан” кыймылы БУУнун адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы Ричард Беннеттин Ооганстанга кирүүсүнө тыюу салды. Бул тууралуу жергиликтүү Tolo телеканалына талибдердин администрациясынын өкүлү билдирди.

Аткаминер Беннетт Ооганстанга каршы "дезинформация жана пропаганда" таратып, өлкөдөгү адам укуктарынын бузулушунун масштабын көбүртүп-жабыртып жатканын айтты.

БУУга дайындалгандан бери Беннетт кырдаалга баа берүү үчүн Ооганстанга үзгүлтүксүз каттап турган. Ушул жайда Ооганстандын Тышкы иштер министрлиги ага виза берүүдөн баш тартып, андан ары саякаттоого тыюу салганын жарыялаган.

Беннетт Ооганстандагы адам укуктарынын бузулушун, саясий оппоненттерди жана диний азчылыктарды куугунтуктоолорду кескин сынга алган. Беннетт өлкөдөгү аялдардын укуктарынын бузулушун «гендердик апартеид» деп эсептейт жана аларды адамзатка каршы кылмыш катары классификациялайт.

“Талибандын” өкүлү Забихулла Мужахид ал берген бааны “пропаганда” деп атады. Мужахид талибдер аялдардын укуктарын "ислам мыйзамдары жана ооган салттарынын негизинде" урматтайт жана колдойт деп ырастайт.

“Талибан” 2021-жылы бийликке келгенден бери аялдардын укуктарын кескин чектеди. Аларга мектептин алтынчы классынан кийин билим алууга, жергиликтүү жана эл аралык бейөкмөт уюмдарда иштөөгө, спорт менен машыгууга, парктарга жана көптөгөн коомдук жайларга барууга тыюу салынган. Аялдар көбүнчө эркектердин коштоосунда гана көчөгө чыгат.

XS
SM
MD
LG