Жаңы чектөөлөрдүн алкагында эл аралык спорт федерацияларына Орусия менен Беларустун улуттук спорт башкармалыктары менен кызматташууну токтотуу; орус жана беларус өкмөтү менен тыгыз байланышы бар эл аралык спорттук федерациялардын аткаминерлерин кызматтан четтетүү; эл аралык спорттук мелдештерди Орусия менен Беларуста көрсөтүүнү токтотуу мүмкүндүктөрүн кароо сунушталууда.
Эгер улуттук же эл аралык спорттук уюмдар бул өлкөлөрдүн атлеттерине мелдештерге катышууга уруксат берсе, спортчулар бейтарап макамда чыгат. Орусия же Беларустун туусун, гербин же гимнин колдонууга тыюу салынат.
Украинада согуш башталгандан бери көптөгөн спорттук уюмдар Эл аралык Олимпиада комитетинин сунушу менен орусиялыктарды мелдештерге катыштырбай калган. Футбол, хоккей, жеңил атлетика жана көркөм муз тебүү сыяктуу дисциплиналарда спортчулар эл аралык мелдештерден толук четтетилген. Автоспорт, велоспорт, теннис жана шахматта орусиялыктар бейтарап макамда катышууда.