Ссылки доступа

АКШ Кытайдын 40 полиция кызматкерин бозгундарды аңдууга айыптады


АКШнын Юстиция департаменти Кытай полициясынын 40 кызматкерин чет өлкөлөрдө, анын ичинде Кошмо Штаттарда жашаган кытайлык саясий активисттерди мыйзамсыз аңдууга айыптады.

Ведомство кытай бийлигинин саясатына каршы чыккан жана башкача ой жүгүрткөндөрдү аңдыган түйүн бар экенин кабарлады.

Тергөөнүн пикиринде, полициячылар соцтармактарда жалган аккаунттарды түзүп, чет өлкөлөрдө жашаган кытай диссиденттерин жаман көрсөтүп турушкан. Айрымдары америкалык телекоммуникациялык компаниялар менен кызматташкан. Алардын жардамы менен бозгундардын медиаплатфрмаларга кирүүсүнө бөгөт коюшкан.

Нью-Йорк полициясынын өкүлү Бреон Пистин айтымында, 34 айыпталуучу Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлигинин кызматкерлери болуп эсептелет. Алар башка өлкөлөрдөгү кытай оппозициячыларын аңдуу менен алектенген Кытайдын атайын кызматынын “912 атайын долбооруна” кирет.

Мындан тышкары 17-апрелде Нью-Йоркто кытай полициясынын жашыруун бөлүмүн түзүү шеги менен эки киши кармалды.

Укук коргоо уюмдары Кытайдын чалгын кызматтары бери дегенде эле 53 өлкөдө күмөндүү иш алып барарын кабарлашкан. Алар бул өлкөлөрдө жашаган Кытай жарандарына тыңчылык кылуу жана айрым учурларда аларды куугунтуктоо, шантаж кылуу жана мекенине кайтаруу менен алектенишет.

Расмий Бээжин дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө өзүнүн полиция бөлүмдөрү бар экенин танбайт, бирок алар кытай жарандарына жардам берүү менен алектенерин билдирип келет.

XS
SM
MD
LG