Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, бул топтомго NASAMS үлгүсүндөгү төрт зениттик-ракеталык комплекс, ага ок-дарылар, артиллериялык снаряддар, көчмө зениттик-ракеталык комплекстер үчүн ракеталар, Switchblade дрондору, портторду коргоочу жабдуулар жана башка аскердик материалдар кирди.
АКШ Украинага бериле турган аскердик жардамдын буга чейинки топтому жөнүндө 7-июлда жарыялаган. Анда ага алгачкы жолу кассеталык ок-дарылар киргени маалымдалган. Кийин алар Украинага жеткирилгени, бирок согуш талаасында колдонула электиги кабарланган.
Орусиянын Украинага каршы аскердик агрессиясы башталгандан бери Вашингтон Киевге жалпысынан 40 миллиард долларга бааланган аскердик жардам көрсөттү.