Ссылки доступа

АКШ америкалыктарды Орусиядан чыгып кетүүгө үндөдү


Эван Гершкович
Эван Гершкович

Ак үй жана АКШнын Мамлекеттик департаменти Орусияда америкалык журналист, The Wall Street Journal гезитинин кабарчысы Эван Гершковичтин камалышын айыптады.

“Орус бийлигинин америкалык жарандарды куугунтуктоосу ыксыз көрүнүш”, – деп айтылат Ак үйдүн билдирүүсүндө.

Бул арада АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен америкалык жарандарды Орусиядан чыгып кетүүгө үндөдү. Ак үйдүн билдирүүсүндө америкалыктар администрациянын чакырыгына кулап төшөп, Орусияга барбоосу керектиги айтылат.

Орусияда расмий аккредитациядан өткөн журналист Гершкович 29-мартта Екатеринбургда кармалган. Бейшембиде Москва соту аны 29-майга чейин камоо чечимин чыгарган. Ал тыңчылыкка айыпталууда.

ФСБ Гершкович АКШнын тапшырмасы менен аскердик өнөр жай комплексинин ишканаларынын бири тууралуу маалымат чогултуп жүргөн деп эсептейт. Кайсы ишкана экени айтылган жок. Орусияда тыңчылыкка айыпталгандар 12-20 жылга чейин эркинен ажыратылат. WSJ айыптоолорду четке кагууда. Басылма кызматкеринин коопсуздугуна тынчсызданып жатканын билдирди.

Гершкович Орусияда төрөлгөн, бирок бала чагында ата-энеси менен жер которуп кеткен. WSJ гезитине чейин ал Agence France-Presse, The Moscow Times жана The New York Times басылмаларында иштеген.

XS
SM
MD
LG