"Орусия Крымда көптөгөн аскердик объектилерди курган. Алар мыйзамдуу буталар, биз Украинанын ал объектилерге сокку жасашын колдойбуз. Жок дегенде Крым куралсыздандырылмайынча, Украина коопсуздукта болбойт", – деди Нуланд.
Ал "Крымды аскердик жол менен бошотуу үчүн Украинага колдоо көрсөтүү менен Вашингтон Кремлдин "кызыл чийининен" өтүп кетүүдөн корккон жокпу?" деген суроого жооп берип, АКШ эч качан Крымды Орусияныкы деп тааныбаганын жана ал толугу менен Украинага таандык экенин белгиледи.
"Украина эл аралык деңгээлде таанылган бардык аймагын кайтарып алуу үчүн күрөш жүргүзүүдө жана АКШ буга колдоо көрсөтүүдө", – деди Нуланд.
Politico басылмасынын маалыматына караганда, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен эксперттер тобу менен өткөн видеоконференцияда "Украинанын Крымды аскердик жол менен бошотуу аракети Владимир Путин үчүн "кызыл чийин" болуп, бул Украинага каршы соккулардын мындан да күчөшүнө алып келиши мүмкүн экенин" айткан. Ошол эле маалда Блинкен Крымга чабуул баштоо боюнча чечимди Украинанын бийлиги өзү гана кабыл алышы керектигин белгилеген.
Буга чейин америкалык ЖМКлар Пентагондун өкүлдөрүнө шилтеме кылып, Вашингтон Украинанын жакынкы убактарда Крымды бошотуп алуу жөндөмдүүлүгүнөн күмөн санап жатканын кабарлашкан. АКШ армиясынын Штаб башчыларынын бириккен комитетинин жетекчиси Марк Милли Украинанын аймагын аскердик жол менен толук бошотуу мүмкүн экенин, бирок "өтө оор" болорун билдирген.
Орусиянын айрым бийлик өкүлдөрү Украина Крымга чабуул баштаса, Москва катаал чараларды көрүшү мүмкүн экенин билдиришкен. Өз сөздөрүндө алар өзөктүк курал колдонуу ыктымалдыгын да кыйытышкан.
Украина сыяктуу эле дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрү 2014-жылы аннексияланган Крымды Орусияныкы деп тааныган эмес. Орусиянын 2022-жылдын февралындагы кол салуусуна чейин Крымды тынчтык жолу менен кайтарып алуу керектигин айтып келген Киев эми жарым аралды күч менен бошотууга даяр экенин билдирүүдө.