Ссылки доступа

АКШ гиперүндүү куралдын компоненттерин сыноодон өткөрдү


Америкалык аскерлер шаршембиде гиперүндүү куралдын компоненттерин сыноодон өткөрүштү. Пентагон сыноо ийгиликтүү болгонун кабарлады.

НАСАнын Виржиниядагы деңиз аянтчасынан гиперүндүү куралды сыноо үчүн ракета кое берилген. Иш-чара учурунда гиперүндүү курал-жарак үчүн байланыш жана навигация жабдыктары, ошондой эле реалдуу гиперүндүү мейкиндикте ысып кетүүнү көтөрүүгө дараметтүү алдыңкы материалдар сыноодон өттү.

Гиперүндүү аппараттар ракетадан атмосферанын жогорку катмарына чыгарылып, андан соң үндүн ылдамдыгынан беш эсе жогорку ылдамдыкта – саатына 6200 чакырым менен бутага багыт алат.

Пентагон метеорологиялык ракеталарды колдонуу аркылуу прототиптер менен сыноо өткөрдү.

Кошмо Штаттар жана ага атаандаш өлкөлөр акыркы мезгилдерде гиперүндүү куралды түзүү темпин тездетүүдө. Акыркы муундагы бул курал каршылашынын жооп кайтаруу жана салттуу жок кылуу механизмдерин колдонуу мүмкүндүгүнөн ажыратат.

Орусиянын бул багытта "Авангард" ракеталык комплекси бар.

АКШ гиперүндүү куралдарын Орусия стратегиялык өзөктүк күчтөрү менен машыгуу өткөрүп жаткан маалда сынады. Орусия машыгуу жөнүндө Пентагонго алдын ала эскерткен. Акыркы жолу мындай окуу 2022-жылы 19-февралда Орусия Украинага кол саларга беш күн калганда өткөн.

XS
SM
MD
LG