Ссылки доступа

АКШ Украинанын аймактарында жасалма референдумдар өтүшү мүмкүн экенин эскертти


Херсон шаары
Херсон шаары

Орусия ушул жуманын аягына чейин Украинанын оккупацияланган аймактарында референдумдарды өткөрөрүн жарыялашы мүмкүн. Бул тууралуу АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Кирби билдирди.

Анын айтымында, алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, Москва добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалап, орус армиясы ээлеп турган аймактар Орусиянын курамына кирерин жарыялашы ыктымал.

"Референдумдар жасалма болот, ал эми ыктымал добуш берүүгө катышкандар болуп көрбөгөндөй аз болот", – деди Кирби.

Орусия февралдын аягынан бери Украинанын Луганск облусун дээрлик толугу менен, ошондой эле Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын көпчүлүк бөлүгүн оккупациялап алды.

Бул аймактардагы оккупациялык бийлик Орусияга кошулуу боюнча референдумдарга даярдыктар тууралуу бир канча жолу билдиришкен. Алардын пландарына ылайык, референдумдар сентябрь айында өтүшү керек. Украинанын президенти Владимир Зеленский жооп катары мындай аракеттер согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө биротоло чекит коерун билдирген.

XS
SM
MD
LG