Өлкөнүн Коргоо министрлигинин Визуалдык маалыматтарды таратуу кызматы маалымдагандай, дрондун кулап түшүүсүнө Орусиянын эки Су-27 учагынын "кооптуу жана адискөй эмес" аракети себеп болгон. Орус учактарынын бири MQ-9'дун буроосуна сокку уруп, жыйынтыгында америкалык күчтөр дронду атып түшүрүүгө аргасыз болушкан.
"MQ-9 эл аралык аба мейкиндигинде адаттагы эле операцияларды аткарып жүргөн. Орустардын кооптуу жана профессионалдуу эмес аракетинен улам эки учак тең кулап түшөйүн деп аз калды", – деди АКШнын Аскер-аба күчтөрүнүн командачысы Жеймс Хекер.
Мекеменин билдирүүсүндө бул окуя орус тараптын кооптуу жана адискөй эмес аракетинен тышкары компетенттүүлүгүнүн жоктугун да көрсөткөнү белгиленген.