Ссылки доступа

АКШ Европадагы аскердик күчтөрүн көбөйтүп, Польшада туруктуу штабын ачат


АКШ Европадагы күчтөрүн бекемдеп, бул чөлкөмдөгү өнөктөш өлкөлөргө кошумча аскердик техника жөнөтөт. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден 29-июнда НАТОнун Мадриддеги саммитинин алкагында аскердик альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг менен жолукканда билдирди.

Анын айтымында, Испаниянын Рота шаарындагы америкалык аскердик кемелердин саны төрттөн алтыга көбөйөт. Польшада АКШ армиясынын 5-корпусунун туруктуу штабы ачылат. Ошондой эле маал-маалы менен курамы алмашып туруучу бригада Румынияга жөнөтүлөт. Байден билдиргендей, бул бригаданын 3 миңдей жоокери жана 2 миң аскерден турган согуштук тобу болот.

"Биз Балтика өлкөлөрүндөгү алмашып туруучу күчтөрүбүздү бекемдейбиз жана кошумча F-35 эскадрильяларын Британияга жөнөтөбүз. Ошондой эле Германия менен Италияга кошумча абадан коргонуу системасын жана башка жабдыктарды жайгаштырабыз", - деди Байден.

Ал Орусия Европадагы тынчтыкка шек келтирип жатканын, НАТО уюму жердеги, асмандагы жана деңиздеги бардык коркунучтарга даяр экенин кошумчалады.

Москва 24-февралда Украинага кол салгандан кийин НАТО Европанын чыгышындагы өнөктөш өлкөлөрдөгү аскердик күчтөрүн бекемдөөгө киришкен.

Видео

Видео

"Арстанбап желим баштык, бөтөлкөгө толуп калыптыр"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:11 0:00
XS
SM
MD
LG