Ссылки доступа

АКШ Украинага 1,85 млрд долларга аскердик жардам берет


АКШ Украинага кезектеги аскердик жардамдын алкагында Patriot зениттик-ракеталык комплексинин батареясын берет. Бул тууралуу Associated Press жана CNN президент Жо Байдендин администрациясындагы булактарына таянуу менен кабарлады.

Маалыматка караганда, бул жолку жардам топтомунун жалпы баасы 1,8 миллиард долларды түзөт. Анын бир миллиарды Patriot комплексинин чыгымы. Бериле турган комплекстин так мүнөздөмөлөрү жана анын модификациясы белгисиз, бирок батареянын курамында адатта төрт ракетасы бар сегиз учуруучу, радар жана командалык пункт бар. Бул комплекс Украина үчүн атайын өндүрүлгөн эмес, Американын армиясындагы жабдыктардан деп болжолдонууда.

Комплексти берүүнү Коргоо министрлиги жактырышы керек. Ошондон кийин документке президент Жо Байден кол коё турганын CNN жазды. Каналдын үч булагы министрлик бул сунушту жактыра турганын айткан.

Ушул эле жардам топтомунун бир бөлүгү катары Вашингтон Украинага кадимки аба бомбаларын башкарылчу ракетага айландырган JDAM системаларын жөнөтүүнү пландаган. Бул технология менен советтик бомбаларды кайра орнотуу Украинага орус позицияларынын көпүрөлөр сыяктуу катуу корголгон буталарга чабуул коюуга мүмкүндүк берет. Киевге артиллериялык снаряддар, HIMARS комплекстери үчүн ракеталар, жүк ташуучу унаалар жана радарга каршы ракеталар жеткирилет.

АКШ кезектеги аскердик жардам тууралуу шаршембиде жарыялайт деп күтүлүүдө. Ушул күнү Конгресстин биргелешкен жыйынында Украинанын президенти Владимир Зеленский сөз сүйлөй турганы айтылган.

Бул анын Орусия Украинага басып киргенден берки алгачкы чет элдик сапары.

XS
SM
MD
LG