Ссылки доступа

АКШ Украинаны калыбына келтирүүгө дагы 1,3 миллиард доллар бөлөт


АКШ Украинанын кыйраган шаарларын калыбына келтирүү үчүн 1,3 миллиард доллар бөлөт.

Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен шаршемби күнү Лондондо Украинанын экономикасына арналган эл аралык конференцияда билдирди.

Вашингтон бөлгөн каражаттын басымдуу бөлүгү өлкөнүн энергетикалык системасын жана маанилүү инфраструктурасын калыбына келтирүүгө багытталат. Тактап айтканда, 520 миллион доллар электр тармактарын модернизациялоого жумшалат.

"Калыбына келтирүү – Украинанын коопсуз, көз карандысыз, Европа менен толук интеграцияланган, дүйнө жүзүндөгү базарлар менен байланышы бар өлкө катары гүлдөп-өнүгүшүнүн пайдубалын түптөйт”, - деди Блинкен.

Британ премьер-министри Риши Сунак конференцияда Лондон Дүйнөлүк банктан Украинага үч жыл ичинде үч миллиард доллар насыя кепилдигин берерин билдирди. Бул акча Украинадагы мамлекеттик мекемелердин, анын ичинде мектептер менен ооруканалардын ишин каржылоого жумшалат.

Британия Украинага инвестиция салуу үчүн дагы 250 миллион фунт стерлинг бөлөт.

Дүйнөлүк банктын эсебинде, орус баскынчылыгы учурунда жапа чеккен Украинаны калыбына келтирүү үчүн кеминде 350 миллиард доллар керектелет. Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйендин айтымында, Украинага келтирилген зыян 600 миллиард еврону түзөт. Украинанын президенти Владимир Зеленский бул сумманы бир триллион доллардан ашык деп атады.

XS
SM
MD
LG