Бул жардамдын топтомуна HIMARS системалары үчүн ок-дарылар, артиллериялык снаряддар, танкка каршы миналар, ок атуучу куралдар жана башка согуштук техникалар, ошондой эле коопсуздук жабдуулары кирет. Каражаттын бир бөлүгү украин аскерлерин даярдоого жумшалат.
2022-жылы февралда Орусия Украинага толук масштабдуу чабуул баштагандан бери АКШнын Киевге берген аскердик жардамынын жалпы суммасы 35 миллиард доллардан ашты.