Ссылки доступа

АКШ Украинага дагы бир миллиард долларга аскердик жардам берет


Кошмо Штаттар жакын арада Украинага дагы бир миллиард долларга аскердик жардам бөлөрүн жарыялайт. Бул тууралуу шаршембиде АКШнын президенти Жо Байден билдирди.

Ал Украина президенти Владимир Зеленский менен телефондо сүйлөшүп, “суверенитет жана демократияны коргоо үчүн жардам берүүнү” улантарын айтты.

Байдендин билдиришинче, Вашингтон Киевге кошумча артиллерия жана ок-дарыларды, жээк коргоо системалары менен ракеталык системаларды берет. АКШ мындан тышкары согуштан жабыр тарткандарга 255 миллион долларга гуманитардык көмөк көрсөтөт. Байдендин билдирүүсү Ак үйдүн сайтында жарыяланды.

"Украиналыктардын эр жүрөктүүлүгү, чыдамкайлыгы жана бекемдиги мурдагыдай эле бүткүл дүйнөнү шыктандырууда. АКШ өнөктөштөрү менен бирге эркиндиги үчүн күрөшүп жаткан украин элин колдой берет", — деди президент.

Буга чейин Украина президенти Владимир Зеленский АКШ жана НАТО өлкөлөрүнөн курал-жарак, анын ичинде оор артиллерияны жеткирүүнү тездетүүнү сураган. Украинанын коргоо министри Михаил Подоляк украин армиясынын ишенимдүү жеңиши үчүн бир нече миң оор техника, анын ичинде 155мм калибрлүү 1000 гаубица, 300 реактивдүү система, 500 танк, 2000 чопкутталган техника жана 1000 дрон сураган. Бул Германия же Улуу Британия армиясынын курал-жараганын да көп.

XS
SM
MD
LG