Ссылки доступа

ЕБ өлкөлөрү украин аскерлерин биргелешип даярдыктан өткөрүү боюнча макулдашты


Европа биримдигине (ЕБ) мүчө өлкөлөр украин аскерлерин даярдыктан өткөрүү үчүн атайын миссия түзүү боюнча макулдашты. Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель ЕБ өлкөлөрүнүн коргоо министрлеринин Прагадагы бейформал жолугушуусунда билдирди.

Боррелдин айтымында, ЕБ өлкөлөрүнүн көбү бүгүнкү күндө деле Украинага аскерлерин даярдыктан өткөрүүгө көмөктөшүүдө. Ал көрсөтүлүп жаткан жардамдарды жакшыраак координациялоо үчүн аракеттерди бириктирүүгө убакыт келип жеткенин белгиледи.

ЕБ дипломатиясынын башчысы атайын миссия кандай иштей турганын тактап айткан жок. Бирок Украинанын аскерлери коңшулаш ЕБге мүчө өлкөлөрдө даярдыктан өтөт деп болжолдонууда.

Боррелдин бул сунушун Прагадагы жолугушуунун бардык эле катышуучулары колдоп жаткан жок. Күн мурун Люксембургдун коргоо министри Франсуа Бауш бул жардам берүүнүн туура жолу болорунан күмөн санап жатканын билдирген. Ал бул маселе боюнча ЕБ толук координацияланган шартта эки тараптуу деңгээлде сүйлөшүүлөр жүргүзүлүшү керек деп эсептейт. Анын бул пикирин Австриянын коргоо министри Клаудия Таннер колдоого алган.

Мындан тышкары Прагада Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин да жолугушуусу өтүп, анда Орусия менен Беларустун жарандарына виза берүүнү чектөө маселеси талкууланат. Украина, Польша, Нидерланд жана Балтика өлкөлөрү сыяктуу бир катар мамлекеттер орус жана беларус жарандарына виза берүү толук токтотулушу керектигин билдирип жатса, Германия менен Франция жөнөкөйлөтүлгөн виза режиминин жоюлушун колдоп жатышат. Мындай болгондо аталган өлкөлөрдүн жарандары үчүн шенген визасынын баасы жогорулап, алуу мөөнөтү кыйла узарат.

XS
SM
MD
LG