Ал коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызматтарды көрсөтүүгө айыпталууда.
10-май күнү Санкт-Петербург шаарынын борбордук бөлүгүндө жүргүнчү ташыган автобус кишилери менен чогуу Мойка дарыясына кулаган. Кырсыктан жети адам каза тапты. Жараат алган эки адамдын абалы оор экенин, кырсык учурунда автобустун салонунда жыйырма жүргүнчү болгонун Орусиянын Ички иштер министрлиги маалымдаган.
РИА "Новости" агенттиги шаардык транспорт комитетине шилтеме кылып, айдоочу бардык медициналык текшерүүдөн өткөнүн, анын жумуш жана эс алуу режими сакталганын билдирди. Айдоочунун жубайы күйөөсү акыркы суткада тынымсыз иштегенин, нөөмөткө чыгар алдында беш сааттай гана уктаганын "78" телеканалына айткан.
Айдоочу да эки айга камакка алынган.
44 жаштагы Рахматшох Курбонов күнөөсүн мойнуна алып, тормоз системасы бузулган автобусту айдап баратканын айткан.
Социалдык тармактарга тараган тасмада автобус жолдогу бир нече автунааларды сүзүп, жол четиндеги тосмону бузуп, соңунда дарыяга кулаганы тартылган.