Ссылки доступа

Орусия соту казак мунайын экспорттоого киргизилген тыюуну алып таштады


11-июнда Краснодар крайынын соту Каспий куур консорциумунунун ишине киргизилген бир айлык чектөөнү алып салды. Бул тууралуу “Интерфакс” кабарлады.

Мунай экспортун чектөө жазасынын ордуна компания 200 миң рубль айып пул төлөйт.

6-июлда Орусиянын Новороссийск шаарынын райондук соту казак мунайы экспорттолгон консорциумдун ишин 30 күнгө токтотуу чечимин чыгарган. Негиз катары кара май төгүлгөн жерлерди тазалоо планынын бузулушу көрсөтүлгөн. Консорциум доо арыз жазып, иш токтосо, жабдуулар таптакыр жараксыз абалга кептелерин билдирген.

Новороссийск аймагындагы деңиз терминалы аркылуу Казакстанда казылып алынган мунайдын 80% экспорттолот. Каспий куур консорциуму жыл сайын өнөктөштөрүнө 51,2 миллион баррель чийки мунай жеткирет, бул дүйнөлүк мунайдын 1% түзөт. Консорциумдун 31% акциясы Орусияга, 20,75% Казакстанга, калгандары башка чет өлкөлүк компанияларга таандык. Арасында америкалык Chevron менен Mobil, италиялык Eni да бар.

Орусия Украинага согуш ачып, Москвага санкциялар салынгандан бери казак мунайын бул куур менен экспорттоо улам-улам үзгүлтүккө учуроодо.

XS
SM
MD
LG