Ссылки доступа

"Крокустагы" теракт: дагы төрт кишинин камактагы мөөнөтү узартылды


Исроил Исломов уулдары менен. 17-май, 2024-жыл.
Исроил Исломов уулдары менен. 17-май, 2024-жыл.

Москванын Басман райондук соту “Крокустагы” терактка байланыштуу камакка алынган 62 жаштагы Исроил Исломов менен анын уулдары Аминжон менен Диловардын камактагы мөөнөтүн 22-августка чейин узартты.

Ушундай эле чечим Кыргызстандын жараны Алишер Касимовго да чыгарылды.

Тергөөнүн версиясында, 33 жаштагы Аминжон Исломов кол салууну уюштурду делгендер колдонгон ак “Рено” автоунаасынын соңку ээси болгон. Шектүүлөргө машинени анын иниси 24 жаштагы Деловар сатканы кабарланган. Исломовдор - теги тажикстандык орус жарандары. Алар менен кошо атасы да кармалган.

Экөө тең терроризмге көмөктөшүүгө айыпталууда. Бул беренеде өмүр бою эркинен ажыратууга чейинки жаза каралган.

Орусиянын Тергөө комитети Исломовдор 2024-жылдын январь-март айларында террордук топко кошулганын, аларды “Крокустагы” терактты жасаган деп айыпталган төрт негизги шектүүнүн бири Фаридун Шамсиддин азгырганын аныктаган. Фаридун Шамсиддиндин эжеси Аминжон Исломовдун жубайы.

Исломовдор 28-мартта соттун камакка алуу чечимине каршы даттанышкан, бирок алардын өтүнүчү четке кагылган. Алар айыптоо менен макул болбой, “Крокуста” боло турган теракт тууралуу эч нерсе билишпегенин айтышууда. Тергөөнүн версиясы боюнча, Исломов жана анын эки уулу кылмыштуу топтун мүчөлөрү жана ыктымал террорчуларга жардам беришкен.

Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкиндин айтымында, Исломовдор теракт даярдоого жардам көрсөтүшкөн: жашап турууга батир даярдап, нары-бери жүрүүгө унаа камдап, акча ташышкан.

32 жаштагы кыргызстандык Алишер Касимов Красногорск шаарында жашаган. Орус бийлиги ал теракттын катышуучуларына батир ижарага берген деп ырастоодо.

Төртөө тең Орусияда терроризм жана экстремизм боюнча айыпталгандардын тизмесинде.

Москвадагы "Крокус Сити Холлдогу" куралдуу кол салуу 22-марттын кечинде болгон. Тергөө комитетинин соңку маалыматы боюнча, кандуу калабада 145 адамдын өмүрү кыйылды, 500дөн көп киши жабыркады.

XS
SM
MD
LG