Козактын кармалганы быйыл 9-февралда кабарланган.
Козакка каршы кылмыш ишин козгоого анын 2018-жылы Михаил Жлобицкий аттуу жарандын Архангельск шаарындагы ФСБ имаратында өзүн жардырып жибергени жөнүндө "ВКонтакте" түйүнүнө комментарий жазганы себеп болгон. Эгер ал "Терроризмди актоо" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылса, жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
12-февралда Казакстан соту Михаил Козакты 40 суткага камакка алуу чечимин чыгарган.
Буга чейин Козак Казакстанда качкын макамын сураган. Адам укуктары боюнча Казакстан бюросунун өкүлү Денис Живага камактагы мөөнөттү бир жылга узартуу – стандарттык процедура экенин, анын башпаанек берүү тууралуу арызы жарым жылга чейин карылышы мүмкүн экенин билдирди.