Ссылки доступа

Казакстан соту "Хакер" журналынын мурдагы башкы редакторун АКШга өткөрүп берген жок


Group-IB компаниясынын Москвадагы кеңсеси
Group-IB компаниясынын Москвадагы кеңсеси

Эми аны Орусия экстрадициялоого аракет жасоодо

Казакстан соту киберкоопсуздук менен алектенген F.A.C.C.T компаниясынын топ-менеджери Никита Кислицинди экстрадициялоо боюнча АКШнын өтүнүчүн четке какты.

F.A.C.C.T Орусиядагы Group-IB компаниясынын мураскери. Анын негиздөөчүсү Илья Сачков чыккынчылык айыбы менен соттолгон. Бул тууралуу ТАСС агенттигине Орусиянын Алматыдагы консулдугунун өкүлү Артём Оганов билдирди.

“Хакер” журналынын мурдагы башкы редактору Кислицин 22-июнда АКШнын өтүнүчү менен Казакстанда кармалган. F.A.C.C.T казак бийлиги аны АКШга экстрадициялоонун негиздерин изилдеп жатканын билдирген.

Компания Кислицинге коюлган дооматтар 10 жыл мурдагы окуяларга байланыштуу экенин жана Казакстанда аны камоого мыйзамдуу негиздер жок экенин белгилеген.

2014-жылы АКШнын Юстиция министрлиги Никита Кислицинди 2012-жылы Formspring соцтармагынан уурдалган маалыматтарды сатуу боюнча кутум уюштурган деп айыптаган. Айыптар 2020-жылы ачыкка чыккан.

Орусияда Кислицин маалыматты мыйзамсыз алуу фактысы боюнча сыртынан камакка алынган. Москвага экстрадициялоо боюнча сот качан өтөрү айтыла элек.

XS
SM
MD
LG