Ссылки доступа

Швецияда Куранды өрттөө акциясына тыюу салуу чечими жокко чыгарылды


Швециянын жогорку административдик соту Куран китебин өрттөө менен коштоло турган эки акцияга тыюу салуу тууралуу чечимди жокко чыгарды. Ошол эле маалда "террордук акт" жасоого даярдык көргөн деген шек менен беш исламист кармалды.

Швеция полициясы февралда коопсуздук маселелеринен улам Куран китебин өрттөгөн акцияларды өткөрүүгө тыюу салган.

"Полициячылар өз чечимдерин жетиштүү деңгээлде негиздей алган эмес", – деди судья Ева Лотта Хедин.

Швед полициясы февралда Түркия менен Иран элчиликтеринин алдында Куранды өрттөгө тыюу салган. Муну мекеме январдагы акция Швецияны "чабуулдун артыкчылыктуу бутасына" айландырганы менен түшүндүргөн.

Январь айында Түркиянын Стокгольмдогу элчилигинин алдында Куран китебинин өрттөлүшү бир катар мусулман өлкөлөрүндө нааразылык жараткан. Алар бир нече жума бою швед товарларына бойкот жарыялоого үндөп, Швециянын НАТОго мүчө болуп киришин кароону кечеңдетишкен.

Быйыл январда ашкере оңчул саясатчы, исламга каршы Stram Kurs ("Катаал багыт") партиясынын лидери Расмус Палудан Куран китебин үч жолу өрттөгөн.

XS
SM
MD
LG