Маалыматка караганда, алардын 80ден ашыгы согушка каршы акциялар, пикеттер жана символдор үчүн кармалган.
"Москвадагы Пушкин аянтында согушка каршы экенин билдиргендерге момпосуй таратып жүргөн бир киши кармалды. Полиция кызматкерлери аны менен чогуу SOTA басылмасынын журналисти Егор Шатовду да кармап кетишти. Ал маалда кабарчы момпосуй таратып жүргөн кишиден интервью алып жаткан", - деп жазды "ОВД-Инфо".
Ошол эле Пушкин аянтында пикетке чыккан Дмитрий Коваль аттуу жаран да кармалды. Анын колунда "Согуш – тынчтык эмес, эркиндик – кулчулук эмес, билбестик – күч эмес" деп жазылган плакат болгон.
Мындан тышкары Орусиянын Москва, Санкт-Петербург, Казан, Оренбург жана башка шаарларында "Өлбөс полк" акциясына согушка каршы жазууларды көтөрүп чыккан ондогон киши кармалды. "ОВД-Инфонун" маалыматына караганда, алардын айрымдарына орус армиясын дискредитациялоо тууралуу протоколдор түзүлдү.
Ошондой эле Москва метросунда адамды жүзүнөн таануу системасынын жардамы менен бери дегенде эле 37 киши кармалганы кабарланды. Алардын бешөө Жеңиш күнүндөгү акцияларга байланыштуу, калгандары ага чейинки пикеттер үчүн кармалган.