Eurasianet басылмасынын маалыматына караганда, археологдор буга чейин эле Борбор Азиянын түштүгүнөн тоок жумурткасынын жука кабыктарын жана сөөктөрдү табышкан.
Окумуштуулар гендерди секвенирлөө технологиясы тармагындагы жакынкы жетишкендиктердин аркасы менен Жибек Жолундагы тооктордун жайылуусун изилдеп чыгышкан. Макс Планк институтунун окумуштуусу Роберт Шпенглер жетектеген топ Өзбекстан менен Тажикстандын аймактарындагы 12 археологиялык объектиде табылган жумуртканын кабыктарын изилдеп чыгышкан. Бул жерлерде жумуртканын кабыктары башка аймактарга салыштырмалуу кыйла көп табылган.
Изилдөөнүн жыйынтыктары "Борбор Азияда байыркы тооктордун болгондугунун археологиялык жана молекулярдук далилдери" деген аталыш менен илимий макала катары жарыяланат деп күтүлүүдө.
Шпенглер кесиптештери менен уникалдуу белокторду бөлүп алууга жана 18 түрдүү үлгүлөрдүн генетикалык коддорун аныктоого мүмкүндүк бере турган пептиддин массалык тактарын изилдөө ыкмасын колдонушкан. Жыйынтыгында 16 үлгүнүн табылган коддору үй тоогунун геномдук ырааттуулугуна (G. gallus domesticus) дал келген. Окумуштуулардын айтымында, мындай жогорку пайыздык көрсөткүч биздин заманга чейинки 200-жылдан биздин замандын 12-кылымына чейин үзгүлтүксүз тоокту үй канаттуусу катары багуу процесси болгонун көрсөтүп турат.
Изилдөөчүлөр эки гипотезаны айтып жатышат. Алардын бирине ылайык, "биздин заманга чейинки доордун акыркы кылымдарында тооктордун бүткүл байыркы дүйнөгө тез жана кеңири таралышы жумуртка көп берген түрдүү породалардын пайда болушуна туура келген». Экинчи гипотезага ылайык, Александр Македонский өлгөндөн монгол баскынчылыгына чейин "канаттууларды багуу жана жумуртка өндүрүү Борбор Азиядагы шаарлар менен айылдардын экономикасынын маанилүү жана ажырагыс бөлүгү болгон".
Зороастриялыктар бүтүндөй Борбор Азияда жана Шиндаңда калтырып кеткен антропомофордук химерлерде короздун жана кишинин сөлөкөттөрү табылган.
Изилдөө Жибек Жолунун боюнда жайгашкан көптөгөн ири шаарлардын жашоочулары тооктун этин жеп келишкенин ырастап турат. Тооктор Европада эллинизм доорунда эле колго үйрөтүлгөнү айтылганы менен ал бир топ азыраак масштабда болгон.