Ссылки доступа

Тажикстанда прокурордун жардамчысын мазактоо айыбы менен бадахшандык тургун 18 жылга соттолду


Парвиз Гоибназаров
Парвиз Гоибназаров

Душанбе соту Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун жашоочусу Парвиз Гоибназаровду 18 жылга түрмөгө кести. Ал 2021-жылы февралда прокурордун жардамчысын “өзүм билемдик менен кармоо жана мазактоо” боюнча айыптуу деп табылды. Бул тууралуу “Фейсбукка” журналист Анора Саркорова жазды.

Ал августта орус күч кызматкерлери Гоибназаровду Москвадагы үйүнөн карап кеткенин билдирди. Экстрадиция эрежесин сактабаган Орусия аны Тажикстанга өткөрүп берген.

Саркорова тергөө жана сот жабык режимде, адвокаттын катышуусуз өткөнүн белгиледи. "Бодод" порталынын өз булагынын кабарлашынча, Гоибназаров былтыр февралда рошткалалык прокурор Абдусаттор Абирзоданын жардамчысын мазактаганы үчүн 18 жылга соттолгон.

Анда жергиликтүү кыз асылууга кабылганына даттангандан кийин бадахшандык жашоочулардын тобу Абирзодага келишкен. Прокурордун жардамчысы камерага бул жоругу үчүн кечирим сураган. Кийинчерээк укук коргоо органдарынын кызматкерлери прокурорду “мазактоо” боюнча башкы шектүү Гүлбиддин Зиёбековду кармашкан.

Парвиз Гоибназаров Зиёбековдун досу болгон.

Былтыр 25-ноябрда тажик күч түзүмдөрү Тоолуу Бадахшан облусунун Шохдар айылында атайын операция жүргүзүп, анда жергиликтүү тургун Гулбиддин Зиёбеков өлтүрүлгөн. Анан жүздөгөн адам Хорогдогу облустук бийликтин имаратына чогулуп, Зиёбековду өлтүргөн күч кызматкерлерин жазалоону талап кылышкан.

Окуядан кийин аймактын айрым тургундары митингге чыккан. Аларды күч менен таркатууда эки адам каза болуп, 17 киши жаракат алган.

Хорогдо 2022-жылы 16-майда Зиёбековдун өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылгандар нааразылык акциясын өткөрүп, ал күч менен басылып, тоз-тополоң менен коштолгон.

XS
SM
MD
LG