Тергөөнүн маалыматына ылайык, 19 жана 20 жаштагы эки тажикстандык 2019-2022-жылдары Орусиянын жарандыгын алышкан. Өткөн жылы октябрда алар армияга чакырылгандан кийин Москвадагы аскердик комиссариаттын чогулуу пунктунан качып кетишкен.
Орусияда аларга "Аскердик кызмат өтөөдөн качуу" беренеси менен айып тагылып, издөө жарыяланган. Кийин алардын бирөө Беларуста жүргөнү аныкталып, жергиликтүү укук коргоо органдары тарабынан кармалгандан кийин Москвага жеткирилген. Сурак маалында ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алганы кабарланууда.
2022-жылы февралда Орусия Украинага кол салгандан кийин орус бийлиги бул согушка мигранттарды азгыра баштаган. 2023-жылы күч түзүмдөрү Орусиянын Москва, Санкт-Петербург өңдүү ири шаарларында рейддерди жүргүзүп, мигранттардын документтерин текшеришкен. Алардын орус жарандыгы барлары аскердик комиссариаттарга жөнөтүлүп же аскердик каттоого турбаганы үчүн жоопкерчиликке тартылган.
Согуш жүрүп жатканына карабастан, Орусиянын жарандыгын алууну каалаган тажикстандыктардын саны өсүүдө. 2021-жылы орус жарандыгын 103,6 миң тажикстандык алса, 2022-жылдын тогуз айынын жыйынтыгында эле бул көрсөткүч 119 609га жеткен. 2023-жылдын биринчи кварталында 44 854 тажикстандык Орусиянын паспортун алган.
Борбор азиялыктар согуш жүрүп жатканына карабастан, Орусиянын паспортун алууну улантууда. Алар кимдер жана эмнеге Орусиянын жараны болгулары келет?