Ссылки доступа

Тажикстанда "Алиф Банк" ислам банкинг системасына өттү (видео)


Тажикстандын керектөөчү насыяларды берүү тармагындагы эң белгилүү банктардын бири эсептелген "Алиф Банк" ислам банкинг системасы менен иштөөгө өттү.

"Шариаттын принциптери менен эрежелерине ылайык, банк картасында белгилүү бир товарлар менен кызматтарга акы төлөөгө чектөөлөр киргизилди. Алар көңүл ачуучу жайлар, түнкү клубдар, пабдар, диний товарларды, музыкалык аспаптарды саткан дүкөндөр, бий залдары, таанышуу кызматтары жана башкалар", - деп жазылган банктын расмий билдирүүсүндө.

Популярный в Таджикистане "Алиф Банк" переходит на систему исламского кредитования
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:23 0:00

Тажикстандыктардын көбү "Алиф Банктын" мындай чектөөлөр тууралуу билдирүүсү алар үчүн күтүүсүз болгонун билдирүүдө. Социалдык түйүн колдонуучуларынын басымдуу бөлүгү адатта аталган товарлар менен кызматтарды колдонбой тургандыктарын, бирок чектөөлөрдүн киргизилишинин өзү жарандарды кубандырбаганын жазышты. Ошол эле маалда алар "Алиф Банк" шариат принциптерин киргизгени менен дале болсо насыя берип, алар үчүн үстөк пайыздарды алып жатканын сындап жатышат.

Былтыр эл аралык Fintech finance news басылмасы 100 миллион долларга баалаган банктын жетекчилиги жакынкы күндөрү бул билдирүүсү боюнча ЖМК өкүлдөрүнө кеңири түшүндүрмө берүүнү убадалады.

Видео

Видео

"Арстанбап желим баштык, бөтөлкөгө толуп калыптыр"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:11 0:00
XS
SM
MD
LG