Ссылки доступа

Тажикстанда оппозициячы Алим Шерзамоновдун бир тууганы 18 жылга соттолду


Муслим Шерзамонов менен Алим Шерзамонов
Муслим Шерзамонов менен Алим Шерзамонов

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун соту Польшада жашап жүргөн тажикстандык оппозициячы Алим Шерзамоновдун бир тууганы Муслим Шерзамоновду 18 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу "Озоди" радиосу кабарлады.

Алим Шерзамонов сот өкүмүн "кабыл алынгыс жана бир жактуу" деп атады.

"Мен кайсы кылмыштар боюнча күнөөлүү деп табылганын азырынча билбейм. Биздин Тоолуу Бадахшандагы туугандарыбыз, досторубуз бул тууралуу эч нерсе билишпейт. Биз кыйынчылык менен тапкан адвокат унчукпай отурат. Жакын туугандарыбыз Муслим менен тергөө абагына барып жолугушту, өзүнө да кандай кылмыштар боюнча айыпталып жатканын айтышкан эмес" - деди Шерзамонов.

Тажикстанда оппозициячы Алим Шерзамоновдун бир тууганы кармалды: ал Тоолуу Бадахшанда башаламандык уюштурган деп шектелүүдө:

Тажикстандын бийлиги 56 жаштагы Муслим Шерзамоновду "уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү" деп эсептейт. Ал Тоолуу Бадахшандын бейрасмий лидерлери Хурсан Мазоров менен Зоир Ражабовго каршы "антитеррордук операциянын" жүрүшүндө кармалган. Анда Мазоров менен Ражабов өлтүрүлүп, аймактагы акыркы башаламандыктарды уюштурууга Бадахшан аймагындагы бейформал лидер Мамадбокир Мамадбокиров, чет жактагы оппозициялык саясатчы Алим Шерзамонов жана көз карандысыз журналист, укук коргоочу Улфатхоним Мамадшоева айыпталып, аларга каршы кылмыш иши козголгон.

Алим Шерзамонов бир тууганы 12-июнда суракка чакырылган бойдон үйүнө кайтып келбегенин билдирди. Анын ордуна келген күч кызматкерлери үйдөн эки граната, 18 огу менен автомат тапканын айтышкан.

"Суракка чакырылган адам келип таап алышсын деп үйүнө автомат бекитмек беле" - деди Шерзамонов.

Анын айтымында, бир тууганы бир дагы топтун мүчөсү болгон эмес жана өлтүрүлгөн Мазоров, Кажабов деген адамдар менен байланышта болгон эмес. Анын камалышынын бир гана себеби - оппозиционердин бир тууганы болгону деп эсептейт ал.

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы кырдаал 14-майдан баштап курчуган. Хорог шаарынын жүздөгөн тургуну митингге чыгып, аймактын башчысы Алишер Мирзонаботтун жана Хорогдун мэри Ризо Назарзоданын кызматтан кетишин, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салууну жана Бадахшандын тургундарын куугунтуктоону токтотууну талап кылышкан.

16-17-майдагы акцияларда жергиликтүүлөр менен полиция кагылышып, бир нече адам өлгөн. Расмий эмес маалыматтарда бул окуяларда каза болгондордун саны алда канча көп экени айтылууда.

Күч органдары 18-майда нааразылыкка чыгып, жол тоскон адамдарды "деструктивдүү күчтөр" деп атап, аларга каршы "антитеррордук операция" өткөргөн.

XS
SM
MD
LG